Публикациялар

Ноябрдан тартып четөлкөлүктөр менен Кыргызстан жарандары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкалары теңделди

pic

Эми иш берүүчүлөр четөлкөлүк жаран жумушчулары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргыз Республикасынын жарандары менен бир өлчөмдө төлөшөт. Камсыздандыруу төгүмдөрүн жаңы тартипте эсептөө жана төлөө 2022-жылдын ноябрынан башталып, 2022-жылдын декабрь айында тапшырылуучу отчеттордо көрсөтүлөт.

Четөлкөлүк жарандардын камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү ар бир уюмдун камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифине туура келиши керек.

Чет өлкөлүк жарандар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 132 Мыйзамы менен өзгөртүлгөн.

Буга чейин Кыргызстанда убактылуу жүргөн жана иштеген чет өлкөлүк жарандар үчүн иш берүүчүлөр пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө 3 % төлөп келишкен.

Жарандык-укуктук келишимдер (контракттар) боюнча киреше алуучу, ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенишкен, анын ичинде базарларда иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамда белгиленген, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча өз алдынча жүзөгө ашырат.

15.11.2022 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
23.04.2026
Майдын 1нен 10на чейин (кошумча) – дем алыш күндөр

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кардарлары менен өнөктөштөрүнө маалымдайт: май майрамдарына байланыштуу, майдын 1нен 10на чейин (кошумча) дем алыш күндөр. 11-майдан компаниянын бардык кең╛селери өзүнүн кадимки тартибинде иштөөнү улантат. СОч...

18.03.2026
20-март – компанияда дем алыш кун

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Орозо Айтты майрамдоого байланыштуу, 20-март дем алыш күн болоорун маалымдай. Калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 9.00дөн 18.00гө чейин иштейт. ...

13.02.2026
Манас жана Токтогул шаарларында кеңселердин дареги өзгөрдү

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Манас жана Токтогул шаарларында кеңселердин дареги өзгөргөндүгүн  маалымдайт. Жаңы даректер: Манас ш. Пушкин көч. 38 ("МирФарм" дарыканасынын жанында). +996 (557) 960 360, +996 (777) 960 ...

26.12.2025
Жакынкы апталарда кеңселердин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы жакынкы апталардагы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 2025-жылдын акыркы иш күнү – 30-декабрь. Ал эми жаңы 2026-жылы компания өз ишмердүүлүгүн 12-январдан баштайт. Баарыңыздарга жакшы эс алуу ...