Публикациялар

Социалдык фонддун каттоо номери боюнча районду аныктоо

pic

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөөчүсү катары катталган жеке жана юридикалык жактарга КР Социалдык фондунун автоматташтырылган системасында түзүлүүчү Соцфонддун каттоо номери ыйгарылат.

Каттоо номери 12 сандан туруп, анын биринчи үч саны Социалдык фонд районунун кодуна туура келет.

Мисалы, уюмдун каттоо номери «104000208972» болгон учурда, номердин «104» биринчи үч саны Октябрь районунун коду. Демек, бул уюм, филиал же уюмдун бөлүмү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөөчүсү катары Социалдык фонддун Октябрь району боюнча башкармалыгында катталган.

Мамлекеттик салык кызматынын системасында же электрондук отчеттуулук системаларынын операторлору аркылуу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу отчетун тапшырууда, төлөөчү катталган райондун коду боюнча орточо айлык акынын (СМЗ) көлөму автоматтык түрдө ошол районго/шаарга тиешелүү өлчөмдө эсептелет.

Салык кызматы менен Соцфонд райондорунун коддору

14.10.2021 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
30.12.2021
Келе жаткан Жаңы 2022-жылыңыздар менен!

Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр! Сиздерди келе жаткан Жаңы 2022-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздерге жана жакындарыңыздарга чың ден-соолук, алдыга койгон максаттарыңыздарга жетип, жаңы кызыктуу долбоорлорду жаратууңуздарды каалайб...

23.12.2021
Жакынкы апталарда кеңселердин иштөө тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы Жаңы жылдык майрам мезгилиндеги кеңселеринин иштөө тартиби менен тааныштырат. 24-декабрда (жума) – кыска иш күнү саат 16.00гө чейин созулат. 30-декабрда (бейшемби) –  кыска иш күнү с...

20.12.2021
Баткенде жаңы филиалдын ачылышы

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы Баткенде жаңы филиалдын ачылышы жөнүндө маалымдайт. Эми Баткен областында жайгашкан уюмдар, компаниянын кызматтарына төмөндөгү дарекке кайрылса болот: Баткен шаары, Нургазиев көчөсү, 10 (Кок Жарнак имараты, 2 к...

15.12.2021
2022-жылдын 1-январынан компаниянын кызматтарына баалар өзгөрүлөт

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы квалификацияланган электрондук колтамга жана «Рутокен ЭЦП» жеке сактагычына баалардын өзгөрүлүшүн маалымдайт. 2022-жылдын 1-январынан төмөнкү баалар күчүнө кирет: Квалификацияланган электрондук к...