«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгектик мамилелер боюнча отчетунун формасы (FORM STI-161) СОчИ системасында тапшырууга жеткиликтүү болгонун кабарлайт.
Бириктирилген форма отчеттуулуктун 5 түрүн алмаштырат, анын ичинде:
1) Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы боюнча отчет (чакан жана орто ишкердик субъекттен, коммерциялык эмес уюмдан тышкаркы) (FORM STI-134);
2) Салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалымат (FORM STI-017);
3) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча иштеген жеке жактардан салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалымат (FORM STI-058);
4) Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсеп ведомосту;
5) Эмгек боюнча отчет (Форма № 1-Т).
Ошентип салык төлөөчү (чакан жана орто ишкердик субъекттен, коммерциялык эмес уюмдан тышкары) тарабынан салык органдарына жана Улуттук статитстика комитетине берилүүчү отчеттуулуктун беш түрдүн ордуна бир мамлекеттик органга – салыктык же эсептик каттоосу боюнча салык кызматына бир отчет берилет.
Форма черновикке сактоо мүмкүнчүлүгү менен жабдылган. Отчеттордун черновиктери менен иштөө боюнча кененирээк маалыматты биздин www.dostek.kg сайтыбыздын Жардам – Колдонмолор бөлүмүнөн же шилтеме аркылуу өтүп таанышууга болот..
Форманы толтуруу тартиби менен Мамлекеттик салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтындагы Формы отчетов – Подоходный налог – 2021 бөлүмүнөн же шилтеме аркылуу өтүп таанышууга болот.
Маалыматтык жана техникалык колдоо алуу үчүн 0312 960360, 0706 960360, 0558 960360 жана 0776 960360 телефон номерлерине же www.dostek.kg сайтындагы онлайн-чат аркылуу кайрылыңыздар.
04.06.2021 Жаңылыктар тизмесине«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 21-марттан 24-мартка чейин (бейшемби – жекшемби) Нооруз майрамына байланыштуу дем алыш күндөр. 25-марттан бардык кеңселер кадимки тартипте иштөөнү улантат. Ал...
Урматтуу биздин кардарларыбыз! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын жамааты Сиздерди келе жаткан 8-март – Аялдардын Эл Аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт! Жан дүйнөңүздөрдө ар дайым Жаз болсун! Үйүңүздөрдө назик сүйүүгө, суктанууг...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы маалымдайт: 7-март (бейшемби) кыска иш күнү саат 17.00гө чейин, 8-март (жума) – Эл Аралык Аялдар күнүн майрамдоого байланыштуу ден алыш күнү. СОчИ системасы өзүнүн кадимки 24/7 тартибинде иштэр...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы жакынкы апталарда кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 22-февраль (бейшемби) – кыска иш күнү саат 17.00гө чейин болот. 23-февраль (жума) – Мекенди Коргоочулардын күнүн белгилөөгө байланыштуу...