Публикациялар

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу боюнча маанилүү маалымат

pic

2021-жылдын 1-январынан баштап 2019-жылы 20-декабрда Санкт-Петербург шаарында кол коюлган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) күчүнө кирди.

Ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2020-жылдын 23-декабрындагы № 122 чечими менен 2019-жылдын 20-декабрындагы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуунун ченемдерин колдонуу боюнча Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары, компетенттүү органдары менен Комиссиянын ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби бекитилген.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда Макулдашуу түзүүнүн максаты эмнеде?

Макулдашуунун негизги максаты - ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин эмгекчилеринин пенсиялык укуктарын эмгекке орноштурган мамлекеттин жарандары менен бирдей шарттарда жана ошондой эле тартипте түзүү. ЕАЭБге мүчө ар бир мамлекет башка мүчө мамлекеттердин жарандарына пенсиялык камсыздоого укуктардын көлөмүн өз жарандарына берилген укуктардын көлөмүнө барабар, ошондой эле шарттарда кепилдик бериши керек.

Макулдашуу кимдерге жайылтылат?

Макулдашууда эмгекчи деп - башка мүчө мамлекеттин аймагында эмгек же башка ишмердик жүргүзүү аркылуу пенсиялык укуктары түзүлүп жаткан же түзүлгөн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жараны эсептелет деп аныкталган. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгекчилери өз мекенинде иштеген стажы үчүн эле эмес, ошондой эле 2021-жылдын 1-январынан кийин ээ болгон ЕАЭБдин башка мамлекеттериндеги иш стажы үчүн дагы пенсия алышат.

ЕАЭБдин жарандары үчүн пенсиянын кандай түрлөрү каралган?

Макулдашуу пенсиянын кайсы түрлөрүнө колдонулаары макулдашууда аныкталган жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына макулдашуунун жоболорун эске алуу менен, ар бир ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ар биринин улуттук мыйзамдарында белгиленген тартипте чектелет. Негизинен, бул курагы боюнча (камсыздандыруу стажы үчүн чектелген), майыптыгы боюнча жана баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиялар, ошондой эле пенсиянын топтомо бөлүгү.

Макулдашуу Кыргыз Республикасында кайсы пенсияларга колдонулат?

Кыргыз Республикасында:

1.      мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсияларга:

·        курагы боюнча;

·        майыптыгы боюнча;

·        баккан адамынан айрылгандыгы боюнча;

2.      мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун каражаттарынан пенсиянын топтомо бөлүгүнө;

3.      мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун каражаттарынан пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен төлөмдөргө;

Пенсия укугу кантип аныкталат?

Топтомо пенсияны, ошондой эле майыптыгы боюнча же баккан адамынан айрылгандыгы үчүн эмгек (камсыздандыруу) пенсияларын кошпогондо, пенсияга укук макулдашууга ылайык эмгекчи (үй-бүлө мүчөсү) мыйзамдарына ылайык пенсия алуу үчүн кайрылып жаткан мүчө мамлекеттин аймагында ээ болгон иш стажы кеминде толук 12 ай болгондо келип чыгат. Топтомо пенсияга, ошондой эле майыптыгы боюнча же баккан адамынан айрылгандыгы боюнча эмгек (камсыздандыруу) пенсиясына укук мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык белгиленет.

Документтер катышкан өлкөлөрдө өз ара таанылабы?

Бир мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык берилген майыптыкты белгилөө, пенсияга укугун аныктоо, пенсия чектөө жана төлөө үчүн зарыл болгон документтер башка мүчө мамлекет тарабынан мындай документтерди таануу жол-жоболорун жүргүзбөстөн таанылат.

ЕАЭБ жарандары пенсия чектөө жана төлөө үчүн кайда кайрылышат?

Эмгекчи пенсия чектөө жана төлөө үчүн жашаган жана (же) эмгекке орноштурган мамлекеттин компетентүү органына кайрыла алат. Ал жашаган мамлекеттин же пенсия чектеген ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аймагында пенсия алууга укуктуу. Ар бир ЕАЭБге мүчө мамлекет пенсиянын өлчөмүн өзүнүн мыйзамдарына ылайык келип чыккан пенсиялык укуктарына жараша жана ошол мүчө мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте макулдашуунун жоболорун эске алып эсептейт. Пенсия чектөө жана төлөө үчүн документтердин тизмеги ЕАЭБге мүчө ар бир мамлекеттин улуттук мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Пенсиялык фонддор иш стажы жөнүндө маалыматтар менен кантип алмашат?

Эгерде мүчө-мамлекеттин биринин аймагында ээ болгон эмгекчинин иш стажы пенсияга укугу пайда болушу үчүн жетишсиз болсо (топтомо пенсияны кошпогондо), анда ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн аймактарында ээ болгон иш стажы эске алынат (бул  мүчө-мамлекеттердин ар биринин мыйзамдарына ылайык, бирок мындай иш стажы убактысы менен дал келген учурларды кошпогондо).

Бул учурларда компеттенттүү органдар “Иш стажы жөнүндө” формулярды толтуруу жана берүү аркылуу пенсияга укугу пайда болушу үчүн зарыл болгон иш стажы жөнүндө жетишпеген маалыматтар менен алмашат.

Мисал: Кыргыз Республикасынын жараны Россияда иштейт. Пенсия алуу үчүн кайда кайрылышы керек?

Эгерде Кыргыз Республикасынын жараны макулдашуу күчүнө киргенден кийин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймагында иш стажына ээ болсо (мисалы, 3-5 жыл), анда пенсияга укугу пайда болгондо (эмгекке орноштурган өлкөнүн пенсиялык мыйзамдарынын шарттары боюнча) мигрант иштеген өлкө, ушул өлкөдө иштеген эмгек стажы үчүн пенсия чектейт. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын жараны эмгекке орноштурган өлкөнүн Пенсиялык фондуна же КР Социалдык фондуна пенсия чектөөгө жана төлөөгө документтер менен арыз берүүгө укуктуу.

Эгерде пенсия алуучунун банктык эсеби Кыргыз Республикасынын аймагында ачылса, пенсия чектеген ЕАЭБ өлкөсүнүн Пенсиялык фонду квартал сайын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эсебине сом менен которот, аны Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду алуучунун банктык эсебине которуп берет.

2021-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери:

Эми, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилери Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзаймдарына ылайык жергиликтүү жарандарындай эле камсызданыруу төгүмдөрүн төлөшү керек, демек мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча карылыгы боюнча, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияга, ошондой эле Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун каражаттарынан пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен бөлүгү үчүн пенсиянын топтомо бөлүгүнө укугу ишке ашырылат.

Жогорудагылардын негизинде ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жарандары болуп саналган кызматкер үчүн 2021-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандарындай эле тийиштүү категория боюнча «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшү керек.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн “кызматкерлер категориясынын” кандай коду колдонулат?

ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептик ведомостту толтурууда “негизги кызматкер” 001 коду колдонулушу керек.

Макулдашуу күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасында ЕАЭБге мүчө мамлекеттин пенсионер же майып статусу таанылабы?

Эгерде чет өлкөлүк жаран бүгүнкү күндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттин пенсионери же майыбы болсо, анда камсыздандыруу төгүмдөрү «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясына ылайык кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн 27,25% өлчөмүндө төлөнөт. Ошону менен бирге аталган Мыйзамдын пенсионерлер жана I жана II топтогу майыптар үчүн белгиленген ченемдери ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин пенсионерлерине жана майыптарына жайылтылбайт, анткени алар Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдары боюнча пенсионерлер же майыптар болушу керек.

Булак: http://socfond.kg

18.03.2021 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
18.03.2024
Үстүбүздөгү аптада компаниянын кеңселеринин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 21-марттан 24-мартка чейин (бейшемби – жекшемби) Нооруз майрамына байланыштуу дем алыш күндөр. 25-марттан бардык кеңселер кадимки тартипте иштөөнү улантат. Ал...

07.03.2024
Келе жаткан 8-март майрамыңыздар менен!

Урматтуу биздин кардарларыбыз! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын жамааты Сиздерди келе жаткан 8-март – Аялдардын Эл Аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт! Жан дүйнөңүздөрдө ар дайым Жаз болсун! Үйүңүздөрдө назик сүйүүгө, суктанууг...

05.03.2024
7-март - кыска иш күнү саат 17.00гө чейин

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы маалымдайт: 7-март (бейшемби) кыска иш күнү саат 17.00гө чейин, 8-март (жума) –  Эл Аралык Аялдар күнүн майрамдоого байланыштуу ден алыш күнү. СОчИ системасы өзүнүн кадимки 24/7 тартибинде иштэр...

20.02.2024
Жакынкы апталарда кеңселердин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы жакынкы апталарда кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 22-февраль (бейшемби) – кыска иш күнү саат 17.00гө чейин болот. 23-февраль (жума) – Мекенди Коргоочулардын күнүн белгилөөгө байланыштуу...