Сурап-билүү

  • “КАРДАРДЫН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН МАМ.ОРГАНДА ЖАКТОО” КЫЗМАТЫ

    Бул кызматты отчет тапшыруу боюнча мамлекеттик органдарда талаш-тартышы бар, компаниянын бардык кардарлары колдонот алат.

    Кызматтын айлык баасы 750 сом.

    Кызмат тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн finance@dostek.kg дарегине кат менен кайрылса болот.

  • “НӨЛДҮҮ ОТЧЕТТОРДУ АВТО-ЖӨНӨТҮУ” КЫЗМАТЫ

    Отчетторун нөлдүү көрсөткүчтөр менен тапшырган СОчИ системасынын колдонуучулары, отчетторду автоматтык түрдө жөнөтүү системасына өз алдынча кошула алат.

    Отчеттук формалар менен ЭКТны Булутта сактоонун төлөмдөрүн эсептебегенде, кызматтын айлык төлөмү 120 сом турат. Бул кызматты ЭКТрын Булутта сактаган колдонуучулар гана пайдалана алат.

    Кызматка туура кошулуу үчүн атайын колдонмо менен, сайттын “Сурап-билүү” – “Колдонмолор” бөлүмүнөн же кийинки шилтеме аркылуу таанышса болот: Нөлдүү отчетторду авто-жөнөтүү боюнча колдонмо.

  • "КЭКтин МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУ ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРҮҮ" КЫЗМАТЫ

    Бул кызматтын негизги артыкчылыгы – КЭКтин мөөнөтүн, компаниянын кеңсесине келбестен, автоматтык түрдө узартуу мүмкүнчүлүгү. Кызмат акысыз жана КЭКтери Булуттагы сервисте сактоочу колдонуучулар үчүн жеткиликтүу.

    Кызматты СОчИ системасынын "Опциялар" бөлүмүнөн кошууга болот.

    Колдонмо менен жогоруда аталган бөлүмдөн же төмөнкү шилтеме аркылуу таанышса болот: “ЭКТны узартуу жөнүндө билдирүү” кызматын кошуу боюнча колдонмо.